7 марта 2014 г.

Ата,сен карыгнда...

Уйлонгондон бери жубайы менен коп уруша баштады.Буга себеп куйоосунун карыган атасы эле.Жубайы бир уйдо чогуу жашагысы келбеген кайнатасын ашыкча жана пайдасыз адам катары эсептейт эле.Барган сайын уйдо ызы-чуу коп боло баштады.Чыккан жанжалдардын биринде аялы куйоосуно шарт койду:"Же мен кетем,же атан бул уйдо мындан ары жашабайт".
  Жубайы учун коп кыйынчылыкты басып откондуктон андан ажырагысы келбеди.Анан да балдары бар эле.Аялын чындап эле суйоор эле.Кыйла ойлонду да бир чечимге келди.Атасын,бир нече жыл мурун,тоого анчылыкка чыкканда убактылуу жашап турууга ынгайлуу жасаткан  уйчосуно жайгаштырып,аптада бир кабар алып турмай болду.Мындай кадам менен жубайы менен да тынч жашамак.Атасына керек буюмдардын баарын алган сон баса албаган атасын машинага озу которуп барып отургузду.Баласы Амантур:"Ата мен да сени менен барам" деп туруп алгандыктан макул болду.Тоого карай жол алышты.
   Кыштын ортолоп калган чени эле.Бороон жана суук.Бала каяка бара жатышканын биле албай,тан калып жатты,жоопсуз суроолор узатып жатты:"Ата каяка кетип жатабыз".Ал эми карыган адам болсо эмне болуп жатканын тушунуп,  байкатпастан ыйлап жатты.Жол тайгак болгондуктан бир топ убакыттан кийин келчу жерге келишти.Коптон бери бул жерге келе элек эле.Айнектери сынып,тамбашы тешилип,уй эскире тушуптур.Атасынын кала турган болмосун тазалады да,буюмдардын баарын жайгаштырды.Акырында атасын которуп келип керебетке жаткызды.Оздорун уйдун эмес чатырдын ичинде тургандай сезишти.Суук катуу болгондуктан эми эле ушуп башташты.Алып келген жууркандары жука болгондуктан эртеси куну калынын ала келем деп ойлонуп жатты.Уулунун башы жерге киргидей болуп,абдан кайгыланып жатса,карыган адамдын журогуно бычак сайылгандай болду.Кыйналып чонойткон баласы жалгыз таштап кетип жатат эле.Ичи от болуп куйуп жатса да билгизбегенге аракет кылды.Кетуу убактысы эле.Энкейип атасынын колу,бутунан ооп,мени кечир дегенсип,атасын катуу кучактап,жыттап-жыттап алды.Ата-бала оздорун кармай албай,ыйлап киришти.Кичинекей Амантур эч нерсе тушуно албады.Менин мындан башка жолум жок дегенсип атасына карады да баласын жетелеп чыгып кетти.
  Машинага отуруп,жолго чыгышты.Амантур чон атамды суук уйго эмнеге таштадын деп ыйлап кирди.Айтууг эч жооп таба албады,апан ушуну каалап жатат деп да айта албады.Бир маалда баласы:"Ата сен карыгнда мен да сени ушул уйго алып келемби?" дегенде,журогу солк дей тушту.Бул суроону укканда машинаны артка кантип бурганын да билбей калды.Эски уйго жетер жетпес,уйго чуркап кирип,атасын кучактап,жаш баладай ыйлап кирди:"Мени кечир...Ата...Сага мындай мамиле кылганым учун кечир мени".Каарыган ата да кыйла ыйлады да,баласына мындай деди:"Кайтып келээринди билет элем...Себеби мен да атамды убагында таштадым беле,сен мени таштагыдай"...

2 комментария: